super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаарынын мэриясында шаардагы мектептердин абалы боюнча шашылыш кеңешме өткөрүлдү

 

Бүгүн, 10-июлда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаардык мектептердин абалы боюнча шашылыш кеңешме өткөрдү. №25-орто мектептин имараты эскилигине байланыштуу жараксыз абалга келгендигин, ал эми №44- орто мектептин имаратынын бир блогу эски экендигин айткан шаар башчысы мектеп имараттары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, аларды мындан ары пайдалануу боюнча жыйынтык чыгаруу тапшырмасын берди. Кеңешменин жүрүшүндө мектеп айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлбөстөн, кароосуз калгандыгы белгиленди. “Мындай көрүнүш ар бир мектепке тиешелүү. Чарбачылык менен мамиле кылуу жок. Өз ишине мындай мамиле кылган адамдарды жумуштан бошотуу зарыл”,- деди мэр. Ошондой эле жакынкы арада мектеп имараттарынын абалын изилдөө боюнча эксперттик комиссия түзүлүп, имараттардын техникалык абалы жөнүндө корутундусун берет. “Мен №25-орто мектептин имаратын бузуп, ордуна жаңы имарат салынышын колдойм”,- деп кошумчалады шаар башчысы. Иса Өмүркулов, бардык мектептин жетекчилери август айынын аягына чейин мектептин айланасын көрктөндүрүп, тартипке келтиришин талап кылды жана жеке өзү текшерип чыгып, коюлган талап аткарылбаса, тиешелүү жетекчилерди иштен бошоторун белгиледи. Эске сала кетсек, 9-июлда шаар башчысы шаардык №25 жана №44-орто мектептердин абалы менен таанышып чыккан.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: