super.kg logo

Депутат Шадиевдин соттук иши кийинки аптада болот

 

Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевдин иши боюнча соттук отурум 5-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Башкы прокуратура, Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин иши боюнча тергөө аяктап, ишти 20-октябрда сотко өткөргөнүн билдирген.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 29-апрелинде Аскарбек Шадиевге карата “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга кетип калганын аныктаганын билдирген. 25-июнда ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон. 2-июлда Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин козгоп, ал “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренесинин негизинде ачылган. Бүгүнкү күндө Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин депутаты, ал мандатынан ажыратыла элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: