super.kg logo

Эми Вьетнамда дагы жеткиликтүү роуминг: 1 МБ – 1 сом!

 

Кыргызстандыктар эми Вьетнамды жылуу деңизи жана таза пляждары үчүн гана тандабай калышты. Бамбук токойлору менен курчалган бийик тоолуу түзөңдөрдө башкача күрүч террасаларын көрүүгө болот. Ажайып кооз табиятынан тышкары, дүйнөнүн сегизинчи керемети деп атап коюшкан уникалдуу архитектуралык жай дагы кызыгууну арттырат. 2018-жылдын июнь айында гана акысыз көрүүгө ачылган Вьетнамдагы алтын көпүрөнү көрүүгө келген туристтердин саны күндөн-күнгө өсүүдө. Көпүрөнү эки гиганттык кол кармап тургансыйт. Ошондой эле бул өлкөнүн маданияты менен байыркы тарыхы да өзүнө тартат.
Дүйнө жүзүн кыдырууга, жакындары жана туугандары менен байланышта болууга О! Мобилдик операторунун роуминги жардам берет.

О! мобилдик операторунун абоненттери жеткиликтүү интернет-роуминг менен онлайн болуучу сапарларга бара турган өлкөлөрдүн тизмесине бүгүнкү күндөн баштап жаңы багыт – Вьетнам кошулду.

v *997# акысыз буйрутмасы менен пайдалуу тарифти кошуп алыңыз. Вьетнамдагы Viettel операторунун түйүнүндө 1 мегабайт интернеттин баасы болгону 1 сом!

О! түйүнүнүн интернет-роумингинин артыкчылыктары:

  1. Супер пайдалуу: 1 мегабайт — болгону1 сом;
  2. Акысыз *997# буйрутмасы менен кошулат жана абоненттик төлөмдү талап кылбайт;
  3. Өнөктөштүн түйүнүндө автоматтык түрдө ырасталат — болгону өлкөгө киргенде телефонду жөн гана иштетип коюу жетиштүү болот, жергиликтүү симканы издөөгө, жолжоболоштурууга, балансын толуктоого жана тарифин тандоого убакыт менен акчаңызды кетирбейсиз;
  4. Чет өлкөдө жүргөндө дагы бардык О! абоненттерине роумингдеги акысыз техникалык колдоо жеткиликтүү.

* Ар кандай учурлар үчүн эскерткичти өзүңүзгө сактап коюңуз.

Башка эконом-кызматтар тууралуу толук маалыматты мобилдик оператордун www.o.kg сайтынын «Роуминг» бөлүмүнөн тапса болот.

О! Мобилдик операторунан роуминг – Биз менен бирге саякаттаңыз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: