super.kg logo

Чолпон-Атада 1 ай мурун капка муунтулуп өлтүрүлгөн баланын өлүмүнө шектүү кармала элек

 

Чолпон-Ата шаарында 1 айдан ашык убакыт мурун муунтулуп өлтүрүлгөн баланын өлүмүнө шектүү кармала элек. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Ысык-Көл облусунун ички иштер бөлүмүнөн маалымдашты.

"Милиция тарабынан кылмышка шектүү адамды издөө иштери улантылууда. Азырынча издөө иштери өз натыйжасын бере элек. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон, тергөө амалдары улантылууда", - деп билдиришти милициядан.

Буга чейин муунтулуп өлтүрүлгөн баланын туугандары милиция аны туугандарынын бири өлтүргөн болушу мүмкүн деген версияны айтып жаткандыгын билдиришкен болчу.

Эске салсак, 1-октябрь күнү эртең менен милицияга жергиликтүү тургундардын бири арыз менен кайрылган. Анда ал 9 жаштагы баласы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Арадан көп убакыт өтпөй баланын жансыз денеси табылган. Ошондой эле бала аутизм синдрому менен жабыркап келгени маалымдалып, экспертизанын жыйынтыгына ылайык, бала киши колдуу болгону аныкталган. Баланын туугандары ал картошка, пияз салган капка муунтулуп каза болгонун айтып, анын сүрөтүн жарыялашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: