super.kg logo
  Спорт  

Жөө күлүк Усэйн Болт австралиялык "Сентрал Кост Маринерс" футболдук клубунан кетти

 

Жеңил атлетика боюнча олимпиаданын сегиз жолку чемпиону, ямайкалык спортчу Усэйн Болт Австралиянын "Сентрал Кост Маринерс" футболук клубундагы карьерасын жыйынтыктады. Мындай маалымат аталган футболдук клубдун официалдуу сайтына жайгаштырылды.

Анда белгилүү болгондой, эки тарап мындан ары кызматташуу шарттары боюнча бир пикирге келе алышкан эмес. Буга карабай "Сентрал Кост Маринерс" футболук клубу "Усэйн Болт акыркы 8 ай бою биздин клубдун мүчөсү болгонуна абдан кубанычта болдук" деп жазган.

Болт өз кезегинде "мен клубдун жетекчилигине, анын оюнчуларына жана кызматкерлерине ыраазычылыгымды билдиргим келет. Алдыдагы сезондо клубга ийгилик каалайм" деди.

32 жаштагы жеңил атлетчи 2018-жылдын август айында "Сентрал Кост Маринерс" клубу менен мөөнөтсүз келишим түзгөн. Октябрь айындагы клубдун "Макартур Саут Вест" клубуна каршы ойногон жолдоштук беттешинде Усэйн Болт 2 гол киргизип, жыйынтыгында Болттун клубу 4:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Белгилей кетсек, жөө күлүк 2017-жылы жеңил атлетикадагы карьерасын жыйынтыктап, акыркы жарышы Лондондо өткөн жеңил атлетика боюнча Дүйнөлүк чемпионатта болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: