super.kg logo

Апрель окуясында "снайперди атып өлтүргөнүн" айткан Эмил Кыштообаевдин жубайы: "Досу кайтыш болгондон кийин кайгырып жүрүп каза болду"

 

Апрель окуясында "снайперди атып өлтүргөнүн" айткан Эмил Кыштообаев 26-октябрда 47 жашында көз жумду.

2010-жылы 7-апрелде УКМКдан БТРди айдап чыгып, Ак Үйдү көздөй аткылаганын айтып берген Абдырайым Касымов ушул жылдын июнь айында көз жумган. Жакын досун жоготкондон кийин көпкө кайгырып жүргөн Эмил Кыштообаевдин жүрөк оорусу кармап Кажы-Сайда дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү өзү туулган Нарын облусундагы Эмгекчил айылында жерге берилди.

Апрель баатырларынын артында жубайлары жана экөөнүн тең бештен балдары калды.

Эмил Кыштообаевдин жубайы Гүлмира Азыбаева жолдошу Апрель окуясында каза болгондордун туугандары жана жаракат алгандарга колдоо көрсөтүү үчүн көп аракет жасаганын эскерип өттү.

"Досу Абдырайым экөөнү эч ким баалаган жок. Алар кайда жүрүшпөсүн элим, жерим деп үй-бүлөсүн экинчи орунга коюшчу. Ата журт үчүн деп канча жүрөгү ооруду. Аябай чоң жоготуу болду. Аларды көзү тирүүсүндө эч ким барктаган жок. Артында беш баласы калды. Эч кимисин үйлөнтүп тоюн, жакшылыгын көрө албай кетишти. Апрель окуясында каза болгондордун туугандарына турак жай алып берем деп чуркап жүрүштү. Кийин алдоо жолу менен алгандар үйдү бошотуп, "силер алгыла" деген сунуш болгондо "биз тирүүбүз да, 146 бала жарадар болду, ошолор алсын" деп чыгышкан. Ак дили менен чуркап жүрүштү. Досунун көзү өткөндөн кийин катуу кайгырды. "Буга чейин мындай дос күткөн эмес элем" деп канатынан айрылып жалгызсырап калды. "Ооруканага жаткандан көрө үйдөгү жумуштарды бүтүрөйүн" деп калчу. Бизге эч кандай жардам көрсөтүлчү эмес. Ал "жалдырабайм, Кудай деген кишимин" дечү", - деди Гүлмира Азыбаева.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(18)
02.11.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Лигитимдүү бийликти кетирип төңкөрүш кылгандар кылмышкерлер.
02.11.2018. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баягы автоматчан кишиго
02.11.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Апрель окуясы болбогондо Бакиевдер буга чейин дагы кандай тозокту элге кылмак эле. Эми беларусияда бизнес ачып жыргап журушот. Эл азамат экен. Бакиевдин канкор бийлигине каршы чыгып, атылып жаткан окко карабай, намыс учун турушту. Соке сабак албаса, анда иниси Асылбек Жээнбеков копко турбайт. Эл билип турса керек. Асылбек Жээнбеков мурдагы Жаныш Бакиевдин ролун аткарып жаткандай.
filis түзөттү 2018-11-02 16:50:10
02.11.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
filis,Билип турсан ачык айтпайсынбы? Биз деле угалы
02.11.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
filis, Бакиев гулдотмок!!!!
02.11.2018. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дарыгер,эмнени, өзүнбү???
05.11.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
filis,Бакиевдин убагы берекелуу заман болчу,элдин баары бутка турган убак,буга чейин бир топ алдыга кетмекпиз.
02.11.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
снаиперлер кыргыздар болгонбу же жалданып келген башка улуттарбы
03.11.2018. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
didu, анысын ит билеби, бирин таап жазага тарткан жок го...
03.11.2018. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
altyn7776,жазага тартыш учун,Бакиевдердин снайперщиктери болуш керекта. А снайперщиктер оздорунун адамдары болуп жатса. Карга карганын козун чукумак беле
02.11.2018. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаткан жери жайлуу болсун. Жакын туугандары кудай озу сабыр берсин.
02.11.2018. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Олгон кишинин артынан суйлоо туура эмес. Бирок мыйзамдуу бийликке курал котортуп чыккан, эл баштагандарда куноо. Бакиев кетип эле эч ким жыргап калган жок. Бир жыргаса Аша жана анын тегерегиндегилер жыргады.
02.11.2018. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Тушунгон адамга булар кыргыз учун кылган эмгеги эмес, ошол кездеги беш алты адам учун кылган эмгеги учун эле «баатыр» болушкан.
03.11.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бакиев кетип жыргал жашоодо жашап жаткакнсып.Ошол эле жашоо,даже хуже
03.11.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
А берки бтр досу эмне болуп өлдү эле?
03.11.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аракка тойгузуп, айдактатып алдыга салган бийлик эмне болду акыры? Бири бирин ит кылып элге шерменде болушту. Бу жан алгычтын тажиясына деле окмоттон эч ким барган жок. Ушундан эле билсе болот булардын кадыр баркын эл ичинде
03.11.2018. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тиги олгон снайпер ким экен ошондо?Жалданган чет элдик болсо да аты аталыш керек эле убагында. Анысы деле жалган. Снайперлердин бирин таап жазалаган жок. Бакиевдерди айтпай эле коелу. Бийлик талашабыз деп Ошто 800го жакын адам олду. Ушулбу революция?
03.11.2018. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Булардын олуму табышмак экен. Биринин артына бири олуп эле. 2010 жылдагы кылмыштардын бети ачылып калбасын, булар коп нерселерди билет деген ой менен коздорун тазалап жаткан жокпу? Чынында апрель баатырлары аталган адамдар бир топ адамдардын эле ойунчугу болушту, ошолордун кызыкчылыгын коргошту, аларды бийлике келишине жардам беришти. Жер жамандап барбасынго, бирок булар апрель баатырлары эмес булар чыныгы террористер..!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: