super.kg logo
  Саясат  

Токко тартылып денесинин 50 пайызы күйгөн Айгерим Дүйшөмбиевага жардам берүү максатында Бишкекте кайрымдуулук концерти өтөт

 
14-июлда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кайрымдуулук концерти өтөт. Концерт Нарын облусунун Ат-Башы районунда 28-апрель күнү көмөк чордонго токко тартылып, денесинин 50 пайызы күйгөн Айгерим Дүйшөмбиевага жардам берүү максатында уюштурулууда. Бул тууралуу “Dream high” жаштар уюмунун жетекчиси Жанат Эркинбекова билдирди. Саат 19:30да башталуучу концертке ырчылар Данияр Эрматов, Даниель, Нурлан Насип, “Жебе” тобу, “тамашоучу” жигиттер жана башкалар катышмакчы. Билет баасы 200-250 сом болгон концерттен түшкөн каражат ооруканада жаткан Айгеримге бериле турганын айтышат уюштуруучулар.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: