Көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугунда Таластын улакчылары Оштун командасын 5:0 эсебинде утуп алды (сүрөт)












Көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугунда Талас облусунун улакчылары Ош облусунун командасын утуп, коло медаль тагынды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, эсеп саны 5:0 менен жыйынтыкталды.
Учурда чемпиондук наам үчүн Ысык-Көл жана Чүй облусунун командалары ойноп жатат. 9 команда катышкан көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу 29-октябрда башталган. Көк бөрү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып өтүүдө.
Чемпиондуктун байге фондуна 2 миллион сом каралган. Баш байгени уткан команда 500 миң сом алмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

бирде жигит тоо минет
бирде жигит жоо журот
демекчи Таласты Чуй жыртып койдуго.
Болунуп жарылбай туура коз карашта бололу!!!