super.kg logo
  Спорт  

Бишкектин "Дордой" клубу футбол боюнча Өлкө чемпиондугун 10-ирет утуп алды

 

Бишкектин "Дордой" футболдук клубу Өлкө чемпиондугу - Топ-Лиганын 10 жолку чемпиону болду. Бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Дордой" менен Оштун "Алай" футболдук клубдары кездешип, "Дордой" 3:1 эсеби менен утуп алды.

Беттештин жүрүшүндө "Дордойдун" оюнчулары 3 гол киргизгенге үлгүрсө, "Алай" командасынын оюнчулары 1 гол менен жооп бере алганга гана жетишти. Муну менен "Дордой" футболдук клубу 27 оюндун жыйынтыгында 65 упай топтоп Топ-Лиганын турнирдик жадыбалында 1-орунду камсыз кылып, мелдештин аягына дагы 1 тур калганда өлкө чемпиону аталды. "Алай" футболдук клубу 27 оюнда 57 упай топтоп "Дордойго" жетпей калды.

"Дордой" клубу футбол боюнча Өлкө чемпиондугун 10-ирет утуп жатат. Ал буга чейин 2004, 2005, 2006, 2007, 2008, 2009, 2011, 2012, 2014-жылдары чемпиондукка ээ болгон.






"Дордой" футбол боюнча Өлкө чемпиондугунун утуп алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
03.11.2018. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Алайдын очколорун алып койбогондо дордой куупда жетпейт эле
03.11.2018. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дордой законный чемпиондугун алды!!! куттуктайм чемпиондор !!!
04.11.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алай канча жолу алган ким билет
05.11.2018. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ArgenMers,2013,2015,2016,2017 ушул жылдары чемпион болгон.
Eka.kg түзөттү 2018-11-05 01:00:16
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: