super.kg logo

Унааларды каттоодо жаңы системди ишке киргизүүдө көйгөй жаралды. Каттоо кызматы себебин түшүндүрдү

 

Өлкө боюнча унааларды каттоодо көйгөй жаралды. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов аталган маселе боюнча SUPER.KG’ге 4-ноябрда түшүндүрмө берди. Анын айтымында, Каттоо кызматы унааларды каттоого алуу үчүн жаңы автоматташтырылган үч систем ишке киргендиктен аны жөнгө салууда маселе жаралууда. Эржигитов 10 күндүн аралыгында иш өз нугуна түшүп калат деп ишендирди.

“Айдоочулук курамды, транспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүктү алуу боюнча жаңы автоматташтырылган системди ишке киргиздик. Эми биздин ишибиз 100 пайыз электрондук форматта жүрөт. Бирок систем жаңы болгондуктан маселе жаралууда. Акырына чейин жасалбай калган жумуштар болуп калган экен. Анын үстүнөн иштеп 10 күнгө чейин маселени таптакыр жоёбуз.

Бул жаңы систем каттоого алынып жаткан унаанын тарыхын, айдоочусунун өмүр баяны көрсөтүп берип турат. Анда биздин база, Салык кызматынын, Бажы кызматынын жана милициянын базасы менен биргеликте иш алып барат. Эгерде унаа жаңыдан алынып келген болсо, анын бажы салыгы төлөгөнбү же төлөгөн эмеспи, ошондой эле издөөдө жүргөн унаа эмеспи деген маалыматтарды ала алабыз”, - деди Эржигитов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.11.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы
04.11.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
акчасын 1500сомдун тегерегинде кылып койсо.ишеним кат эч ким албай эле .дароо озуно каттатып алышат эле
05.11.2018. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оздоруно каттап алса мамлекетке акча тушмок кичине болсо да жана оздоруно жакшы болмок маалымат так болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: