super.kg logo

Соттук отурум Шадиевсиз өтмөй болду

 

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдин иши боюнча соттук процесси башталды. Ишти судья Эмилбек Каипов карап жатат.

Отурумда прокурор 31-май күнү Шадиевге карата сырттан камакка алуу чечими чыкканын айтып, Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу иш анын катышуусуз караларын белгиледи.

Шадиевдин жактоочусу анын катышуусуз ишти кароого болбой турганын билдирди. Анын айтымында, экс-депутаттын кайсы өлкөдө жүргөнү да белгисиз экенин маалымдады. Ошого байланыштуу ишти ансыз кароо болбой турганын айтты.

Судья УКМКнын 2-ноябрда берген маалыматына ылайык, Шадиев Москва-Нью-Йорк багыты менен учуп кеткенин жана учурда болжол менен АКШда экенин айтты.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 29-апрелинде Аскарбек Шадиевге карата “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга кетип калганын аныктаганын билдирген.

25-июнда ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин козгоп, ал “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренесинин негизинде ачылган. 20-октябрда Шадиевдин иши боюнча тергөө аяктап, Башка прокуратура ишти сотко өткөргөн. 2-ноябрда Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: