super.kg logo

Өкмөт интернетти жакшыртуу үчүн 50 миллион доллар алып жатат

 

Депутат Төрөбай Зулпукаров Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевге "насыялык келишимди ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүрөбү же Дүйнөлүк банктын мыйзамына ылайыкпы" деп суроо берди.

Эл өкүлү интернетти жакшыртуу жана санариптештирүүгө багытталып алынып жаткан насыяга ким жооптуу болоруна кызыкты.
"Буга чейин эл аралык уюмдардан алынган каражатты иштетүүдө мыйзамыбызга туура келбеген шарттарды коюшкан. Бул насыя да ошондой маселе жаратпайбы? Ким жооп берет буга? Кийин эл аралык келишимди өзгөртүп болбойт", - деди Зулпукаров.

Шаршембиев бул багытта юристтер иштеп жатканын эске салды. Зулпукаров юристтер буга чейин эле бул маселени карап чыгышы керектигин эскертти.

Учурда тармактык комитетте Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуу каралып жатат. Макулдашууга ылайык, интернетти жана санарипти жакшыртуу боюнча 50 миллион доллар алынып жатат. Анын 50 пайызы насыя, 50 пайызы гранттык негизде. Каражат 0,75 пайыздык үстөк менен алынып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
05.11.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Насыя алып жатабыз десенер эле журок зырылдай турган болуп калды
05.11.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул жарымын жейбиз жарымын иштетебиз деген сөз. Датка-кемин Бишкек-Ош ТЭЦ Корумду сыяктуу чоң проекттер чооң жеш үчүн аткарылган проекттер
05.11.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Карыз албай эле интернети жок эле отурбайлыбы. Ач болсоңда тынч бол дегендей.
05.11.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Порно көрүш үчүн кредит алабы, ансыз да интернет окуучуларды бузуп бүттү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: