"Шадиев жүрөк оорусунан дарыланып жүрөт" дейт жактоочусу
Аскарбек Шадиев жүрөк оорусуна байланыштуу АКШга кеткенин бүгүн, 5-ноябрда SUPER.KG порталына анын жактоочусу Учкун Каримов билдирди. "Ал буга чейин деле жүрөк оорусу менен жабыркап, дарыланып келген. Алгач ал Москвага, кийин Нью-Йоркко кеткен экен", - деди Каримов.
Адвокаттын айтымында, Шадиев аны менен өзү байланышкан эмес. "Шадиевдин укуктарын коргоо үчүн мени анын туугандары жалдап, келишим түзүштү", - деп баса белгиледи адвокат.
Окуянын чоо-жайы:
Ушул жылдын 29-апрелинде Аскарбек Шадиевге карата “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга кетип калганын аныктаганын билдирген.
25-июнда ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин козгоп, ал “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренесинин негизинде ачылган. 20-октябрда Шадиевдин иши боюнча тергөө аяктап, Башка прокуратура ишти сотко өткөргөн. 2-ноябрда Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылган.
кошулду
"Аскарбек Шадиевдин жүрөгү ооруйт" дейт жактоочусу


Иш козгосо эле жүрөгү ооруп, тойгоздуңар го...
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга жол берилбейт! БАНга!