Астротөлгө: 5-ноябрь күнү төрөлгөндөр сезимге өтө олуттуу мамиле жасашабы?
5-ноябрда төрөлгөндөр кыялкеч жана эмгекчил болушат. Чынчыл келип, ар дайым артында из калтырууга аракеттенишет. "Өзүң отурган кайыкты чайпалтпа" деген сөз бул күнү жарыкка келгендерге тиешелүү эмес. Анткени кыялындагы идеалдуу үй-бүлөнү түзүү үчүн жакындарына да катуу айтуудан кайра тартпайт.
Түгөйүн тамашакөйлүгү жана жагымдуулугу менен оңой багынтып алышат. Сезимдерин билдирүүдө майда белек берүүнүн ордуна эстен кеткис эмоция тартуулоону жактырышат. Алар сезимге өтө олуттуу мамиле жасагандыктан, сунушун четке кагуу менен маанайын заматта чөктүрүп коюшуңуз мүмкүн. Бирок алар баары бир көздөгөн жемин башкага алдырбай турганы эсиңизде болсун.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.