super.kg logo
  Саясат  

ИИМ каза болгон курсанттардын жакындарына көңүл айтты

 
Гүлмайрам Кененова
Баяман Бакытов
Мээрим Кубатова
ИИМдин жетекчилиги жана кызматкерлери 9-июлдагы жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон ИИМдин академиясынын 1-курсунун студенттеринин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. “Биздин кесиптештерибиздин дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу маалыматты кайгыруу менен кабыл алдык. Мындай оор мүнөттөрдө каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз. Өзүнүн жакындарын, балдарын жоготкон адамдардын кайгысын тең бөлүшүү үчүн айтууга сөз жок. Бул трагедиялуу абал ар бирибиздин жүрөгүбүздү өйүп келет. Маркумдардын кесиптеши катары жана ИИМдин кызматкерлери катары көз жумгандардын туугандарына  оор убакта ар дайым кол сунуп, жардам берүүгө даярбыз”,- деп жазылган билдирүүдө. Эске сала кетсек, 9-июлда саат 07:50 чамасында Бишкектин Көк-Жар айылындагы Шабдан баатыр көчөсүндө бара жаткан кичи автобус жол кырсыгына кабылып, унаадагы ИИМдин академиясынын курсанттарынын арасынан 3 жаран каза болгон. Алар: 1994-жылы туулган Баяман Бакытов, Мээрим Кубатова жана Гүлмайрам Кененова.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: