super.kg logo
  Саясат  

Депутат Назаров: "Сатыкка коюлган мамлекеттик объектилердин артында кызыкдар тараптар бар"

 

Мамлекетке пайда алып келип жаткан мекемелерди сатпаш керек. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Айтмамат Назаров билдирди.

Эл өкүлү сатыкка коюлган айрым ишканалардын артында кызыкдар тараптар бар экенин айтты.

"Сатыкка коюлган айрым объектилердин кардары болушу мүмкүн. “Росинбанкты" сатуу боюнча тизмеден чыгаруу керек. Анткени өздөрү жок болуп кетүү алдында турган банкты "сатабыз" деп тизмеге киргизсеңер, баасы түшүп кетет. "Найман ГЭСти" да сатыкка коюптурсуңар, ага окшогон инвестиция керек болгон ГЭСтер толтура, эмнеге башкалар сатылбайт? Ошондой эле мамлекеттик аңчылык чарбалардын арасынан бирөө эле сатыкка коюлууда", - деди Назаров.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев сатыкка коюлган объекттер кандай жол менен тизмеге киргизилгенин билбей турганын айтты.

Ал эми депутат Айтмамат Назаров кайсы бир мамлекеттик объектилерди сатылуучу объектилердин тизмесине коштурбоо боюнча депутаттын эшигин каккылап жүргөн адамдар бар деген пикирин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: