Тарых музейинде “Кыргызстандын белектери” аттуу көргөзмө ачылды. Анда президенттерге берилген белектер да орун алды
Мамлекеттик тарых музейи. "Кыргызстандын белектери" көргөзмөсү


Мамлекеттик тарых музейи. "Кыргызстандын белектери" көргөзмөсү

Индонезия өлкөсүнөн Кыргызстанга берилген белек. Гвоздикадан жасалган кеменин макети

1958-жылдын 23-ноябрында Крондштаттын деңиз кызматкерлери Кыргызстандын жумушчуларына белек кылган кеме коңгуроосу

Кыргыз ССРинен калган эстелик

Азербайжан ССРи Кыргыз ССРине тартуулаган килем

Авиценнанын портрети түшүрүлгөн килем Кыргыз ССРи убагындагы белектердин катарын толуктайт

2011-жылы Тажикстандын премьер-министри А.Акиловдун Кыргызстандын президенти Р.Отунбаевага белек кылган "Улуттук орнамент" картинасы

Казакстандан Кыргызстанга белекке келген "Барс" картинасы

Эгемендүү Кыргызстандын белектеринин бири

Тажикстан Кыргызстанга белек кылган чепкен

Кытайдагы ГВЕАНН ишканасынан белекке берилген "Жибек Жолу" картинасы

Азербайжан тартуу кылган жазуучу Чыңгыз Айтматовдун портрети апийим жана кунжуттун уруктарынан жасалган

Эгемендүү Кыргызстандын дагы бир белеги

1999-жылы Түркия тарабынан берилген кутуча

Эгемендүү Кыргызстандын дагы бир белеги

Кимоно - япон элинин кийими. Москва шаарындагы Жапон үйүнөн 2012-жылдагы Кыргызстандын президенти Р.Отунбаевага берилген белек

"Курманжан Датканын" килем бетине түшүрүлгөн элеси

Индонезиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан белекке берилген "Канжар"

Металл жана таштан жасалган таажы. 1992-жылы Кореядан Кыргызстанга берилген

Кытай өкмөтүнөн тартуу кылынган "Ажыдаар" композициясы

Казакстандын КРдагы элчилиги тарабынан белекке берилген Панно

Эгемендүү Кыргызстандын белектеринин бири

Көргөзмөнүн коноктору

Орусиядан Кыргызстанга конокко келген Александр Чупров көргөзмөгө күбө болду

Эгемендүү Кыргызстандын белектери

Эгемендүү Кыргызстандын белектери

Эгемендүү Кыргызстандын белектери

Фрунзе шаарынын 100 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарынан берилген сувенир

"Кыргыз комсомолунун 19-съезди" белеги

Өзбек ССРи тарабынан белекке берилген "Кездемелер үлгүлөрү" картинасы

Эгемендүү Кыргызстандын белектеринин бири

Кыргызстандын белектерин толуктаган ракеталык катердин модели

Кыргыз ССРинин 15 жылдыгына белекке берилген килем
Бүгүн, 10-июлда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде “Кыргызстандын белектери” аттуу көргөзмө ачылды. Анда Кыргызстан үчүн 1951-жылдан баштап азыркы учурга чейин ар кайсы өлкөлөрдөн белекке келген буюмдар коюлду. Көргөзмөгө коюлган буюмдар арасында өлкө жетекчилерине тартууланган белектер да бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

