super.kg logo

Жол коопсуздугун камсыздоочу патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлөт

 

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору, жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди.

Ибраимовдун айтымында, бул өзгөртүү жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоонун натыйжасында иштелип чыккан.

"Жаңы түзүлгөн патрулдук милиция жолдордогу коопсуздукка гана эмес, жалпысынан бекитилген участкалардагы коомдук коопсуздукка жооп берет. Патрулдук милиционерлер аларга бекитилген участканы толугу менен көзөмөлдөп, мыйзам бузууларды аныктап, алдын ала чараларды көрүп, дайыма кыймылда болушат. Эң башкысы, биздин пландарга ылайык, патрулдук милиция жарандар менен байланышта болуп, аларга жардам берген социалдык-сервистик кызматка айланат", - деген Тамерлан Ибраимов.

Бул реформа үч баскыч менен ишке ашырылат. Биринчи - кадрларды сынактын негизинде тандоо. Экинчи баскычта тандалган кызматкерлер жарандардын укуктары боюнча маселелерди, тактикалык жана ок атуу даярдыгы, жол эрежелерин окуу сыяктуу тиешелүү окуудан өтүшөт. Үчүнчү баскыч - кызмат өтөөнүн өзү, ал антикоррупциялык чараларды жана кубаттоо ыкмаларынан турат.

Бишкек шаарында патрулдук милицияны түзүү боюнча долбоор 2019-2020-жылы ишке ашыруу пландалууда, кийинки жылдардан тартып реформа бүт өлкөнү камтыйт.

Президент эксперттик жумушчу топко аткарган жумуштары үчүн ыраазычылык билдирип, иштелип чыккан стратегия менен иш-чаралар планын колдой турганын жана аларды ишке ашыра баштаса болорун белгилеген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.11.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кадрларды тандоо жолу менен дегени куру соз.Системаны озгортмойунчо мин жолу кайра тузгон менен пайдасы жок.
05.11.2018. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1

1000 доллар шапкасы грантя өзгөрүү болбойт 1000 доллар берген өтөт бербеген калаберет реформа дегени ошо
06.11.2018. 07:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куру сөз. Өзгөрүү болбойт Жөн эле акча коротуу
06.11.2018. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тукурдум реформанарга канча жолу алмашты атынар озгорот,ишинерден майнап жок...Тамырынан кыркыш керек бул мите курттарды...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: