super.kg logo

"Шадиевдин бир гана күнөөсү бар, ал Айтматов атындагы сыйлык боюнча кол коюп жатканда документтер менен таанышкан эмес" дейт жактоочусу

 

Кечээ, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев 2-ноябрда жазылган "өлкөдөгү сот адилеттүүлүгүнө ишенбейм" деген билдирүүсү тараган.

Бул билдирүү тууралуу анын жактоочусу Учкун Каримов төмөнкүлөрдү билдирди. "Аскарбек Шадиевди жактап жаткандыгыма байланыштуу анын билдирүүсү менен макулмун. Анын бир гана күнөөсү бар, ал Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров берген документтер менен таанышпастан, тактабай туруп кол коюп берип койгон. Мунун кесепетинен 2017-жылдын 25-август күнү Шадиев Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык үчүн 30 миң долларды бөлүү боюнча парламенттин спикерине кайрылуу жөнөткөн. Ал акчаны бөлүм башчысы Арсен Закировдун өзүнө алганы аныкталган. Бул жерде Аскарбек Шадиевдин ишенчээктигинен пайдаланып кеткени анык. Ага тагылган айыптар негизсиз деп ойлойм жана анын позициясын колдойм", - деди Каримов.

Ал эми экс-депутаттын буга чейинки депутаттык мандатынан ажыратуу каты боюнча жана кечээ күнү таратылган билдирүүсү боюнча маалыматы жок экендигин баса белгиледи.

"Ал өзү жазганбы же жокпу, мен так маалымат айта албайм. Себеби мен анын кылмыш иши боюнча эле маалыматым бар жана ошол маселе боюнча гана аны коргойм", - деп кошумчалады жактоочу.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 29-апрелинде Аскарбек Шадиевге карата “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга кетип калганын аныктаганын билдирген.

25-июнда ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин козгоп, ал “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренесинин негизинде ачылган. 20-октябрда Шадиевдин иши боюнча тергөө аяктап, Башкы прокуратура ишти сотко өткөргөн. 2-ноябрда Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
06.11.2018. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шадиевке окшогондор куссун элдин ырыскысын тышкы карызды толошсун. Ансызда кытай коркунуч туудуруп баштады
06.11.2018. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оппа Учкун адвокат болуп алганбы?
06.11.2018. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат.
07.11.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тим эле актанганын.
07.11.2018. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ууруларды жактаганды токтоткулачы Жактоочу сөөрөйлөр. Алар менин сенин баарыбыздын кыргыз элибиздин Мамлекетибиздин тагдырына балта чаап жатпайбы Түшүнсөңөр. Эмне аялын дагы бир күнгө келишим түзүп сатып алса кол коюп бере береби
07.11.2018. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча берип оозун майлап койсо,буга окшогон адвокаттар ак кокту карабай актап эле жатып калышат да.
07.11.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй жактоочу жаман Нервти ойнойт экенсин шалаакылык дейт буну Шадиев шалаакы тушундунбу шалаакы . Куноосу документтерди текшербегени эле деп акмак кантип уялбай суйлошот булар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: