super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз жеринде туулган футболчу Ильзат Ахметов Орусиянын улуттук курамасына чакырылды. Германияга каршы ойношу мүмкүн

 

Кыргыз жеринде туулган Ильзат Ахметов футбол боюнча Орусиянын улуттук курамасына чакырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Ильзат Ахметов Германия менен Швецияга каршы беттештерге Орусиянын кеңейтилген курамына кирди.

Орусия-Германия жолдоштук беттеши 15-ноябрда Германиянын Лейпциг шаарында өтсө, Орусия-Швеция беттеши Улуттар Лигасынын алкагында 20-ноябрда Швециянын Сольна шаарында өтөт. Орусия курама командасы машыгууларын 12-ноябрдан тарта Новогорск шаарында өткөрөт.

Айта кетсек, Ильзат Ахметов буга чейин Орусиянын жаштар курама командасында 6 беттеш өткөрүп, 2 гол жараткан. Акыркы голун Ильзат Ахметов Европа чемпиондугунун тандап алуу этабынын алкагында Македонияга каршы беттеште киргизген.

Орусиянын кеңейтилген улуттук курама командасы:

  • Дарбазачылар:
    • Маринато Гилерме ("Локомотив"), Андрей Лунев ("Зенит"), Антон Шунин ("Динамо").
  • Коргоочулар:
    • Георгий Жикия ("Спартак" ), Федор Кудряшов, Егор Сорокин ("Рубин"), Роман Нойштедтер ("Фенербахче" Турция), Константин Рауш ("Динамо"), Андрей Семенов ("Ахмат"), Кирилл Набабкин, Марио Фернандес ("ЦСКА").
  • Жарым коргоочулар:
    • Ильзат Ахметов ("ЦСКА"), Юрий Газинский ("Краснодар"), Александр Головин ("Монако" Франция), Роман Зобнин ("Спартак"), Александр Ерохин, Далер Кузяев ( "Зенит"), Алексей Ионов ("Ростов"), Руслан Камболов ("Рубин"), Алексей Миранчук, Антон Миранчук ("Локомотив"), Денис Черышев ("Валенсия", Испания).
  • Чабуулчулар:
    • Артем Дзюба, Антон Заболотный ("Зенит"), Дмитрий Полоз ("Рубин"), Федор Чалов (ЦСКА).





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.11.2018. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи ушул жигитти жон койсо жакшы болмок эки ортодо кыстабай.аяабай таланттуу жигит Россия аркылуу карьерасын улантса балким Барселонада ойноп калышы мумкун
06.11.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандык элем деп балким кийин ойноп калаар
06.11.2018. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Ильзат Ийгилик иним
06.11.2018. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи чет элдик клубдарга окуп кеткен оюнчу балдарыбыздан үмүт кылбай эле коюшубуз керек экен. Мына Ильзат, Эрбол, Автандил баары кетти бөлөк мамлекеттин атуулдугун алып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: