Бишкекте бокс боюнча Өлкө чемпиондугу өтөт

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда чоңдор арасында бокс боюнча Өлкө чемпиондугу орун алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.
Мелдеш 15-18-ноябрь аралыгында өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынын спортчулардын келүүсү күтүлүүдө. Өлкө биринчилигинде эркектер жана кыз-келиндер арасында 15 медалдар топтому ойнотулат.
Эркектер 52, 57, 63, 69, 75, 81, 91 килограммга чейинки жана 91 килограммдан жогорку салмак ченинде күч сынашса, кыз-келиндер 49, 57, 64, 69 жана 75 килограммга чейинки салмак чендеринде күч сынашат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.