super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Болот Ибрагимов: "ИИМдин экс-министрлери камалгандан кийин гана бул тармакта реформа болду деп ишенем"

 

2016-жылдын апрель айында МАИ жана Жол кайгуул кызматтары бириктирилип, Патрулдук милиция башкармалыгы ишке киришкен. Кийин өкмөттүн токтому менен Патрулдук милиция башкармалыгы жоюлуп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы болуп түзүлгөн.

Эми кайрадан Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана Патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, Патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлгөнү жатат. Бул өзгөртүү жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоонун натыйжасында иштелип чыкканы маалым болду.

SUPER.KG порталынын "Милициядагы реформалар эмне жыйынтык берди?" деген соболуна жарандык активист Болот Ибрагимов жооп берди.

Ал Патрулдук милицияны кайра түзүүдөн майнап чыкпайт деген пикирде.

"Теория практикадан алыс, ал эми азыркы реформа боюнча жумушчу топ теоретиктерден турат. Алардын ою боюнча, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы ИИМден бөлөк, аны өзүнчө реформалаганга болот. Бирок андай кылуу мүмкүн эмес. Кайра түзүүлөр, реформалар, жоюулар - мунун баары мээнетти жана каражатты сарптай турган аракеттеринин түрү. Кыскача айтканда: "Келесоого бөрк ал десең, баш алат".
Эскертип коёюн, ушул эле жумушчу топ Сапар Исаков менен Патрулдук милицияны жоюп салган. Айрым жолугушууларда Коопсуздук кеңешинин азыркы төрагасы да катышкан. Бул комиссиядагылардын эч кимиси ЖКККББда чыныгы абал кандай экенин билбейт, кептин баары ушунда. ИИМдин айрым экс-министрлери жана ЖКККББнын жетекчилиги камакка алынгандан кийин гана укук коргоо органдарында реформа ишке ашты деп ишенем", - деди активист.

Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Дастан Бекешев, Зарылбек Рысалиев, МАИни реформалоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү Тимур Шайхутдинов, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси болгон Талант Султановдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: