Британиялык актёр Идрис Эльба дүйнөдөгү эң сексуалдуу мырза деп аталды
Британиялык актёр Идрис Эльба дүйнөдөгү эң сексуалдуу мырза аталды. Бул тууралуу People журналы жарыялаганын чет элдик маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматка караганда, актёр мындай наам алам деп ойлогон эмес. Бирок күзгүгө каранып көрүп чын эле сексуалдуу экенин моюнуна алган.
"Чын эле сексуалдуу окшоймун. Бул мен үчүн өтө жагымдуу сезимдер менен коштолгон чоң белек болду. Албетте, бул наам өзүмө болгон ишеничимди арттырды", - деп билдирген Эльба.
2017-жылы аталган журнал сексуалдуу мырза деп кантри-ырчы Блейк Шелтонду атаган.
Идрис Эльба "Чоң оюн" тасмасынан кийин белгилүү болгон, ошондой эле ал "Форсаж" тасмасынын жаңы бөлүгүндө роль жаратары күтүлүүдө. Тасманын бет ачары 2019-жылдын 26-июлуна белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:10
2025-11-04
22:40
2025-11-04
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Жеке мага кыргыз мырзаларынан отору жок мммисалы Тилек Жээнбеков, Мирлан Парханов, Мирбек Молдоакунов, Руслан Кыдырмышев айта берсе толтура...