super.kg logo

Жол кырсыгынан кийин урушта каза болду делген чиновниктин өлүмүнө шектүүнүн жубайы: "Окуянын күбөлөрүн тапмайынча плакат менен көчөгө чыгам, күйөөмдүн күнөөсү жок"

 

Бишкек шаарында 21-октябрь күнү кечки саат 19:45 чамасында Токтоналиев жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Анда Лексус 470 үлгүсүндөгү унаа менен Тойота унаасы сүзүшүп, Тойота унаасынын айдоочусу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев каза болуп калган. Маркумдун жакындары жол кырсыгына күнөөлүү болгон эки адам аны сабап, натыйжада окуя болгон жерде каза болуп калганын айтып чыгышкан. Кылмышка шектелип Лексустун айдоочусу менен жүргүнчүсүнө кылмыш иши козголуп, алар камакка алынган.

Буга чейин кылмышка шектелип кармалган Лексустун жүргүнчүсүнүн жубайы бул окуя тууралуу өз пикирин билдирип, SUPER.KG'ге жол кырсыгы катталган учур түшкөн видео менен бөлүшкөн. Бүгүнкү күндө кылмышка шектелип кармалган жарандын жубайы Зейнеп Сулайманкулова жол кырсыгы болгон жерде плакат менен окуянын күбөлөрүн издөөдө.

"Бул кадамга аргасыздыктан барып жатам. Жекшемби күндөн бери жол кырсыгы болгон жерге плакат менен чыгып, окуянын күбөлөрүн издеп жатам. Жолдошумдун күнөөсү жок экенине ишенем жана аны далилдегим келет. Үч балабыз бар, аларды калтырып коюп жумушка барам, жумушка чейин, жумуштан кийин көчөдө күбө издеп турам.

Жол кырсыгы болгон жерде эч кандай мушташ болбогонун көргөн күбө, каза болгон жаран кулаганда чуркап келип алгачкы медициналык жардам көрсөткөн адам бар экенин билем. Азыр ошол кишилерди издеп жатам. Алар тергөөнүн жүрүшүндө жардам бере аларына ишенем. Бир күбө мага чалып, ортодо эч кандай мушташ болбогонун билдирди. Анын айтымында, ал Лексустун айдоочусу тил кат жазып бергенин көргөн экен. Бирок милицияга барып көрсөтмө берүүдөн баш тартууда. Себеби ал аны милиция ар кайсы жакка "сүйрөйт" деп коркуп жатат. Баарын түшүнөм, алардын да үй-бүлөсү бар, балким, жакындары пикирлерин буруп коюшу мүмкүн. Бирок бул жерде адамдын тагдыры чечилип жатканда кайдыгер калбоого чакырып, жол кырсыгынын күбөлөрүн издейм", - дейт З.Сулайманкулова.


кошулду





"Кыргызаэронавигация" ишканасынын директорунун орун басары катышкан жол кырсык түшүрүлгөн видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
06.11.2018. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Карандай дооматтан сакта Кудайым. Ак ийилет бирок сынбайт. Таза болсо акталып чыксын.
06.11.2018. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мынакей күйөөсүнө болгон чыныгы сүйүү, чыныгы урмат.
Плакатта эмне деп жазылып турат өзү?!
06.11.2018. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salaf, плакатта куболорду издеп жаткан туралуу
aman0296 түзөттү 2018-11-06 21:39:29
07.11.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суздубу ичип алганбы значит бул уже кылмыш, жон турган эле адам озу жыгылдывы чалынып кетсе бардюрга башы тиймек эместа, туртсо керек же бастырганго кокурокко байкуш маркум арты менен катуу тушкон кара куш мээси тийгенда бардюрга. Эркексинби урсан эркекче урдум олтуруп алдым деп олтуруп чык, урбасан ийне жибине чеин айтып бер видерегистратор алгыла айдоочулар ушундай болбош учун кудай сактасын.
06.11.2018. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чындык чыркырап калбаса экен. Эжеге боорум ооруп кетти .
06.11.2018. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Видео ото алыста тартылыптыр тушунуксуз
07.11.2018. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окуянын күбөлөрүнүн сураныч соттон сотко сүйрөйт дебей эле атуулдук парызды аткарып койгула да. Мен көрсөм бармакмын. Эгер күнөөлүү болсо жазасын алсын. Биррк бейкүнөө адам адам өлтүрдү деп камалып кетпесин. Ошол адамдын ордуна өзүбүздү койуп көрөлүчү!? Кайдыгер карабагыла окуянын күбөлөрү
07.11.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рулга отурганда,озунордун,башкалардын омурун ойлоп ичпеш керек болчу.Мына жыйынтыгы!Жондон жон эле чон эле адам жыгылып,олбойт да!Башында жаракат турса деле танып атышат.Андан коро каза болгон адамдардын жакындарынан барып кечирим сурагыла да!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: