super.kg logo

Бишкекте кийим сакталган кампа менен 3 кабаттуу үй 6 саатка жакын убакытта толук өчүрүлгөн

 

Бишкек шаарында 5-октябрь күнү кечки саат 21:53тө Элебесов-Витебск көчөлөрүнүн кесилишиндеги сатыктагы кийимдерди сактоочу кампа жана турак жай толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн кесепетинен келтирилген чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып жатканын SUPER.KG порталына Свердлов райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Чыңгыз Жумуков билдирди.

Маалыматка ылайык, кампа менен турак жайдын ээси бир. Темир контейнерден салынып, турак жайга ылайыкталган 3 кабаттуу үй жакынкы убакыт аралыгында ижарага берилмек.

"Өрт чыккан жер жеке ишкерге таандык экени аныкталды. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда. Күбөлөр суракка алынып жатат. Коңшу жасаган тургундардын биринин айтымында, ал үй-бүлөсү менен небересинин туулган күнүн белгилеп отурган. Ошол учурда сырттан катуу үн чыгып, кошуна үйдөн жалбырттап өрт чыгып жатканын көргөн. Дагы бир күбөнүн айтымында, өрт кийим-кечелер сакталган кампа жактан чыккан. Кампанын ичинде жалаң кийим-кече болгондуктан, өрт күчөп кийин 3 кабаттуу турак жайга өтүп кеткен. Натыйжада саат 21:53тө башталган катуу өрт толугу менен таңкы саат 4кө жакын өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 5 өрт өчүрүүчү унаа тартылган", - деди Жумуков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: