super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-НОЯБРЬ: Бүгүн Улуу Октябрь социалисттик революциясынын күнү

 

1917-жылдын 24-октябрында (жаңыча 7-ноябрда) Орусия империясынын борбору Петроградда тарыхый окуя болуп өткөн. Бул күнү Большевиктер партиясынын жетекчилигинде башталган куралдуу көтөрүлүш жеңиш менен аяктап, Убактылуу өкмөт кулатылып, анын ордуна Советтердин бийлиги орнотулган. Советтердин Бүткүл орусиялык 2-съезди В.И.Ленин башында турган жумушчу-дыйкандардын биринчи өкмөтүн - Эл Комиссарлар Советин шайлаган. Съездде эң маанилүү маселелер - тынчтык жана жерге болгон жеке менчикти жоюу жөнүндөгү декреттер кабыл алынган. Орусия империясынын курамындагы улуттардын тең укуктуулугу жарыяланган.

Кыргыз өлкөсү 1917-1924-жылдары Түркстан АССРинин курамында туруп, 1924-жылы 14-октябрда РСФСРдин курамында Кара кыргыз (1925-жылдын майынан Кыргыз) автономиялуу облусу түзүлгөн. 1926-жылы февралда Кыргыз автономиялуу облусу Кыргыз АССРине, 1936-жылы 5-декабрда Кыргыз АССРи Кыргыз ССРине айланган.

СССРде Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү 1918-жылдан тарта белгилене баштаган. Эгемен Кыргыз Республикасында 7-ноябрды Улуу Октябрь социалисттик революциясынын күнү катары кайрадан белгилөө тууралуу чечим коммунисттердин сунушу менен 2001-жылы парламентте кабыл алынган.

7-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
07.11.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу мекендештер. Баарынарды бугунку майрамынар, Улуу Октябрь социалисттик революциясынын майрамы менен чын дилден куттуктаймын...

Батыштын "нанын жеген" жасалма тарыхчылар тарых чындыгын бурмалап, Союзду каралап, чындыкты озгортууго аракет кылганы менен, убак сааты келип, чындык оз ордун табат. Ушул революция Кыргыз элине, жалпы Кыргызстан элине азаттыкты алып келди. Элди жокчулуктан куткарды. Элдин кат-сабаты жоюлуп олкодо завод-фабрикалар курулду.
07.11.2018. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бугун колдонуп жаткан кара жолдор, темир жолдор, оорукана, мектеп, аэропорт, темир жол бекеттери, турак уйлор, ар кандай имараттардын копчулугу Союз убагына курулган. Арадан коп жыл отсо да, учурдагы билим беруу, саламаттыкты сактоо тармагындагы абал Союз дооруна салыштырмалуу кейиштуу абалда экенин моюнга алууга копчулуктун намысы жол бербейт, бирок чынында ошондой.
07.11.2018. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Октябрь революциясынан кийин олкодогу жалчы-малайлар эркиндикке жетти эле, бугун ар байдын колунда жалчы-малай болуп жургон жарандарыбызы корууго болот. Мисалы бугун Жогорку Кенеште отурган 120 жепжутардын малын-коюн багып, кызматын кылып жургон жалчылары бар...

Баарынан да Октябрь революциясы биздин мамлекетттуулугубузду сактап калды. Эл уркундо Кытайга качып, кобу кырылып кор болуп жургон жеринен олкого кайтарып келди, жерибизди кайрып берди...
07.11.2018. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал эми бугун майрамдалып жаткан 24-март менен 7-апрель кундорун майрам деп эсептоо туурабы?! Олкодо 2 жолу бийлик алмашты, тонкоруш болуп, бирок элдин мудоосу аткарылган жок, тонкоруштор олкого озгоруу алып келген жок. Анткени бийлик учун курошкон бир топ элди колдонуп бийликке келди да, элди талап-тоноону улантты. Мына карагыла, Акаевден тарта Атамбаевге чейин баары миллион, миллиарддары элден уурдап, бугун ханча жашап жатат, эл болсо тентип журот. Соке да жыргатпайт!
Frunze2 түзөттү 2018-11-07 13:28:30
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: