super.kg logo
  Саясат  

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары дайындалды

 

Сүрөттө солдон оңго карай: Ализа Солтонбекова, Камалдин Токтосартов, Жаңыл Алыбаева.Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары болуп Ализа Солтонбекова, Камалдин Токтосартов жана Жаңыл Алыбаева дайындалды. Тиешелүү буйрукка кечээ, 6-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ализа Солтонбекова буга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелер боюнча орун басары болуп эмгектенген.

Камалдин Токтосартов 2013-2014-жылдары Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими болуп эмгектенген.

Жаңыл Алыбаева 2016-жылга чейин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кызмат көрсөтүү башкармалыгынын башчысы болуп турган.

Аталган министрликтин мурдагы жетекчиси Таалайгүл Исакунова жана анын 3 орун басары октябрь айынын башында кызматтан кеткен. Министр Исакунова менен орун басары Лунара Мамытова чет өлкөгө жасаган сапарларынан улам кызматтан кетсе, дагы бир орун басары Зууракан Каденова Сеул шаарындагы учактагы окуясынан улам иштен алынган. Ал эми үчүнчү орун басары Жылдыз Полотова өз каалоосу менен кызматын тапшырган.

25-октябрда эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген Улукбек Кочкоров дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: