super.kg logo

Чүйдө жарандын 17 миң евро акчасын алып, изин жашырып кеткен аял кармалды. Милиция андан жабыркагандарды издейт

 

Чүй облусунда жаранды алдап, акчасын көбөйтүп берем деген убада менен 17 миң евро акчасын алып, изин жашырып кеткен аял кармалды. Учурда милиция сүрөттөгү аялдын аракеттеринен жабыркагандарды издөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Р.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал тааныш аял анын ишенимине кирип, акчасын бир фирмага салып "көбөйтүп берем" деген жүйөө менен 17 миң евро акчасын алып, изин жашырып кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 1967-жылы туулган аял кармалган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды.

"Кылмышка шектелип кармалган аял ушул сыяктуу дагы башка кылмыштарга да шектелүүдө. Эгер сүрөттөгү адамдан жабыркаган болсоңуздар Чүй ОИИББине кайрылууну өтүнөбүз же төмөнкү номурларга байланышыңыздар: 0 (312) 60-72-25, 0 (3138) 5-82-89, 0 (709) 15-53-15", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.11.2018. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаш корунот экен, менимче эркектер алдатса керек акчасын.
07.11.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сетевой маркетинг окшойтго. Мынча салсан мынча кобойот деп оозун толтуруп байытканда. [moderated] санаасы менен байыт болуп алданганы калаберген. Эгер акчасын иштетип жок кылып ийсе не болот 17 евро толой турган акыбалы жок болсо. Берген байкуш канча мээнет кылып тапкандыр. Соттолуп камалып кетсе олдуда 17 ерво кетти куйуп
07.11.2018. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тез арада бошоткула бул айымды, камап не кыласынар бир ай багып барыбир бир айдан кийин уй камагына чыгат. Козу айтып туратко этият бол менден деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: