super.kg logo

Иса Өмүркулов, Акылбек Жапаров, Кубанычбек Жумалиев жана башка депутаттардын декларациясы менен таанышыңыз

 

Алиярбек АбжалиевМамлекеттик Салык кызматы жогорку кызмат адамдарынын декларациясын жарыялады. Анда жарандардын 2017-жылкы кирешеси, чыгашасы жана байлыгы көрсөтүлгөн. Биз аталган расмий булакка таянып, буга чейин коомдо "бай адам" аталып келген Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттарынын материалдык абалы тууралуу маалыматты сунуштайбыз.

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев 2017-жылы 674 миң 284 сом пайда тапкан. Андан сырткары ал Тойота үлгүсүндөгү автоунаага ээлик кылат, бирок анын чыккан жылын көрсөткөн эмес. Андан сырткары 2 миллион 970 миң сомго бааланган жылкы, ири мүйүздүү мал жана майда жандыктарга ээлик кылат.

Абжалиевдин маалыматында жакын туугандарынын байлыгы жана кирешеси көрсөтүлгөн эмес.

Камчыбек ЖолдошбаевЖогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев 2017-жылы 863 миң 615 сомдук киреше тапкан. Ал 39,81 чарчы метрлик батирге ээ. Андан сырткары "Беш-Сары" мекемесин толук түрдө башка жаранга өткөрүп бергенин көрсөткөн. Ал эми автоунаасы тууралуу маалымат жазылган эмес.

Жолдошбаевдин жакын туугандары болсо 2017-жылы 120 миң сом киреше тапкан.

Искендер МатраимовЖогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 2017-жылы 746 миң 994 сом киреше тапкан. Андан сырткары 290 миң сомдук эмерекке, 150 миң сомдук турмуш-тиричилик техникасына жана 140 миң сомдук түрдүү материалдык байлыкка ээ экенин көрсөткөн.

Эл өкүлүнүн жакын туугандары болсо 2017-жылы 2 миллион 155 миң 32 сомдук киреше тапкан. Алар 1385,9 чарчы метрлик кыймылсыз мүлккө ээ.

Иса ӨмүркуловЖогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов былтыр 4 миллион 476 миң 691 сом киреше тапкан. Чыгашасы болсо 5 миллион 137 миң 500 сомду чапчыган. Андан сырткары 24,61 чарчы метрге барабар болгон 9 айыл чарба багытындагы жер тилкесине ээ. Ошондой эле 1560 чарчы метр болгон кыймылсыз мүлкү бар. Өмүркулов 21 миллион 112 миң 500 сомго бааланган жылкы, ири мүйүздүү мал жана майда жандыктарга ээ экенин декларациясында көрсөткөн.

Өмүркуловдун жакын туугандары болсо 2017-жылы 30,8 чарчы метрлик батирге жана 356,4 чарчы метрлик кыймылсыз мүлккө ээ. Ошондой эле алар КамАЗ жана Мерседец-Бенц үлгүсүндөгү автоунааларга ээлик кылат.

Акылбек ЖапаровЖогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров 2017-жылы 892 миң 234 сом тапкан. Ошондой эле 77,5 чарчы метрлик батирге ээ.

Жапаровдун жакын туугандары 55 миллион 895 миң 647 сомдук киреше тапкан. Ошондой эле 2 миң 330 чарчы метрлик 5 контейнери бар. Мерседес-Бенц 210, Мерседес-Бенц 410, Мерседес-Бенц 409, Мерседес-Бенц 208, Мерседес-Бенц 811, Мерседес-Бенц 710, Мерседес-Бенц 308, Мерседес-Бенз 310 үлгүсүндөгү автоунааларга ээ.

Кубанычбек ЖумалиевЖогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев 2017-жылы 1 миллион 514 миң 315 сом киреше таап, чыгашага учураган эмес. Анын 507 чарчы метрлик турак-жайы, 316 чарчы метрлик батири жана Лексус үлгүсүндөгү автоунаасы бар экени декларациясында көрсөтүлгөн.

Жумалиевдин жакын туугандарынын мүлкү, кирешеси көрсөтүлгөн эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(13)
07.11.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан эмнеге өнүкпөйт десе.......
07.11.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдын кулкусун келтиришет да
07.11.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жылдык кирешеси 600-700 мин? Андай кирешени Ош базарда отургандарда табатго. Смешно
07.11.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаевдин декларациясын эмнеге жазбайсынар? Че то Кылыч Султан ооп кеткендей АША тарапка.. Омуркуловду жазып калыптыр...
07.11.2018. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
altyn7776, ылдый жакта жазылган
07.11.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде чындыгын Иса Омуркулов декларация бергендей. Ошондо Кылыч Султандын мен АША тарапка оттум дегениби бул
07.11.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Karakash, altyn7776,
Кирешесин чачкан Атамбаев. Экс-президенттин декларациясы жарыяланды https://www.super.kg/kabar/news/251967/
07.11.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамаевдин декларациясын да куттобуз Кылыч Султан.
07.11.2018. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акылбек Жапаров Мерседестин ген директору менен тууганчылыгы жокпу.
07.11.2018. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кирешенин 1% эле пайызы го дейм
07.11.2018. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жапаровдун мерседес заводунда акциясы барго ээ
07.11.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айланайын бул кирешени даже студент таап жатбайбы,алдаганда дагы кичине окшоштурсанар боло!!!
07.11.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болушунча жашырып байлыгынын бир четин чыгарып коюп эл ишенет деп ойлошобу тушунбойсун. Эл билет кимдин кандай байлыгы бар экенин. Бат эле байкуш болуп чыга келишет булар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: