Миллиардер Билл Гейтс суусу жок иштеген унитазды коомчулукка көрсөттү
Миллиардер жана филантроп Билл Гейтс суусуз иштеген жана канализацияга уланбай турган унитазды коомчулукка көрсөттү. Бул тууралуу видеону Гейтс өзүнүн твиттердеги баракчасына жарыялады.Маалыматка ылайык, аталган унитаздын баасы 200 миллион долларга бааланган.
"Инновациялык ойлоп табуу Пекиндеги көргөзмөдө аудиторияга көрсөтүлгөн. Аталган унитаздагы калдыктар химиялык кошулмалардын (туздар, кислоталар, шакарлар ж.б.) жардамы менен таза сууга айланат. Унитазды иштеп чыгууга 7 жылга жакын убакыт кеткен", - деп жазылат маалыматта.
Microsoft`тун негиздөөчүсү белгилегендей, аталган унитаз айрым өлкөлөрдөгү жугуштуу оорулардын санын азайтууга жардам берет.
Билл Гейтс суусу жок иштеген унитазды тартуулады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:52
2025-11-03
14:01
2025-11-03
Рейтинг:
-2
-2

Супер-Инфо
super.kg видео

















Саламатсызбы? Чыгып жатат, шилтеме: https://www.super.kg/kabar/category/11/