super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Орусия жарандары мессенжерлерди паспорту аркылуу гана колдонууга милдеттендирилди

 

Баарыбыз эле WhatsApp, Viber жана башка тиркемелерди колдонуу үчүн телефон номерибизди гана көрсөтүп катталууга көнгөнбүз. Эми Орусия жарандары жаңы тартипке ылайык, мессенжерлерди колдонуу үчүн идентификация катары өздөрүнүн атына катталган номерлерин (паспорттогу номерин) көрсөтүүсү зарыл. Мындай талап Орусия бийлигинин жаңы чыгарган токтомунда көрсөтүлгөн.

Токтомдун мазмуну орус өкмөтүнүн официалдуу сайтында жарыяланды. Анда белгилүү болгондой, байланыш операторлор колдонуучулардын кимиси кайсы мессенжерди колдонорун каттоого алып, база түзүп чыгуусу керек. Ал эми бул маалыматтарды чогултуу функциясын мессенжерлердин ээлери жана аны иштеп чыккан компаниялар аткарышы керек. Эгерде мессенжердеги аккаунтун ээси башка бир адамдын наамына катталган телефон номерин каттатып койгон болсо, ага тиркемени иштеп чыккан тарап катталууга уруксат бербейт. Ушул себептен, эми мессенжерлерди колдонгусу келген колдонуучу SIM-карталарын бир гана өзүнүн паспорту аркылуу каттатып, менчик номерлери менен гана тиркемелерге аккаунт ача алат.

Орусия көзөмөл комитетинин башчысы Александр Жаров мындай жол менен коммуникация тармагындагы коопсуздукту сактоого шарт түзүлөт деп белгилейт. Ал эми эксперттер бул кадамдын ишке ашышына көздөрү жетпей тургандыгын айтышууда. Анткени тейлөөнүн баары эле орус компанияларына тиешелүү эмес. Популярдуу тиркемелердин ээлеринин баары чет өлкөлүк коипаниялар. Алар Орус көзөмөл комитетинин жана башка жергиликтүү коопсуздук органдарынын талаптарын аткаруудан баш тартып коюшу толук ыктымал.

Аталган документ официалдуу жарыялангандан 180 күндөн кийин күчүнө кирмекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: