Ошто 16 жашында көз жарган эненин окуясы. Кызды күйөөгө берген ата-энеге жана нике кыйган имамга кылмыш иши козголо турганы белгилүү болду
Ош шаарында 16 жаштагы кыздын көз жарганы боюнча териштирүү иштери улантылууда. Кызды 15 жашында күйөөгө берген ата-энеге жана нике кыйган имамга кылмыш иши козголо турганын 7-ноябрда SUPER.KG'ге облустук милициядан кабарлашты.
"Учурда бул факт боюнча териштирүү улантылып жатат. Иликтөө иштеринин алкагында, көз жарган 16 жаштагы эне 15 жашында турмушка чыкканы аныкталды. Ал бир жылдай убакыттан бери күйөөсү менен жашап келгендиги да белгилүү болду. Кыздын ата-энеси аны 9-классты аяктаган соң эле турмушка берип койгондугун билдиришти. Алардын айтымында, кыз мектепте окубай калгандан кийин аны турмушка узатышкан. Учурда кыз менен күйөөсүнүн никесин кыйган имамды, анын күйөөсүн, эки тараптын ата-энелерин жоопко тартуу маселеси каралууда. Жакынкы убакыт аралыгында чогултулган материалдар прокуратурага өткөрүп берилип, кылмыш иши козголот", - деп билдиришти облустук милициядан.
Белгилүү болгондой, 2002-жылы туулган жаш эне Өзгөн районунун тургуну. Ал Ош шаарындагы төрөтканалардын биринде 28-октябрда көз жарган. Кыз алгач жашын жашырып, кийин төрөт үйүнөн чыгып жатканда жашы жете элек экендиги белгилүү болгон.
кошулду

Мыйзам коз коруно бузулуп жатса, туура деш керекпи?!!
2 жашты эч ким ажыраштырып жаткан жок. Бирок мыйзамды бузганы учун нике окуган имам, ата-энелер жоопко тартылышы керек...
Кыз уурдаса кылмыш деп бакырып чыгасынар. 15 жашында кызын куйоог
Биз светтик олкодо жашайбыз, шарият мыйзамына эмес, олко мыйзамына баш ийебиз. Ал жерде турмуш куруу боюнча так жазылган. 15 жашында кызын турмушка узатуу, жашы жете электерге нике окуу баары кылмыш, мыйзамды бузуу. Демек жазаланышы керек.
Сен бир адам олтурсон, устунон арыз тушмойунчо журо бересинби эркиндикте, андай болбойт...
Мыйзам жашы 18ге толо элек жарандарга уйлонууго жана аларга нике кыюга тыю салат.
Бар, мыйзамдарды окуп кел!!!