super.kg logo
  Саясат  

Акция: Бишкектин борбордук аянтында студенттер 20 сомдон бут кийим сатышты

 
Тартынбастыкты үйрөнүү үчүн студенттер ушундай кадамга барышканын айтышат
Студенттердин бут кийимин "күчүк" деп сүйрөп жүргөн тамашасына көпчүлүк түшүнбөдү
Түгөйү жок бут кийимдерди студенттер 10-20 сомдон сатууга аракет кылышты
Студенттер тапшырма аткаруу учурунда
Студенттер көчөдөн өткөндөрдү оюна койбой түгөйсүз бут кийимди сатып алууга чакырып жатышты
Студенттердин бут кийимин "күчүк" деп сүйрөп жүргөн тамашасына көпчүлүк түшүнбөдү

Бүгүн, 10-июлда КРнын президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасында 2-курста окуган студенттер Бишкектин борбордук аянтына чыгышып, бут кийим сатышты. Студенттер бут кийимдердин бир түгөйүнө жип байлап алып, көчөдөн сүйрөп жүрүштү. Шаардык тургундарга тамашалап “бул күчүк” деп тааныштырып жатышты бут кийимдерди. Алар бул окуяны мугалимдин тапшырмасын аткарып жаткандыктары менен түшүндүрүштү. Студенттердин айтымында, окуу жайда аларга мугалими тартынбастыкты үйрөнүү үчүн адам көңүлүн бурган ушул сыяктуу кадамга баруу тапшырмасын берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: