“КРнын 2011-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзамга кол коюлду
Бүгүн, 10-июлда президент Алмазбек Атамбаев “КРнын 2011-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 13-июнунда кабыл алынган. Анда 2011-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчёт атайын каражаттарды эске алуу менен кирешелер боюнча 69 237, 3 миллион сом суммасында, чыгашалар боюнча 83 085, 3 миллион сом суммасында, чыгашалардын кирешелерден ашуу суммасы 13 848 0, миллион сом менен бекитилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

