super.kg logo

Президенттик аппараттын башчысы, Жогорку Соттун төрайымы, Коопсуздук кеңешинин катчысынын декларациясы

 

Досалы ЭсеналиевМамлекеттик Салык кызматы жогорку кызмат адамдарынын 2017-жылга карата декларациясын жарыялады. Буга байланыштуу айрым бийлик башчыларынын кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат берүүнү улантабыз.

Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев 2017-жылы 938 миң 529 сомдук киреше тапкан. Чыгашасы көрсөтүлгөн эмес. Ал 170 чарчы метрлик 2 батирге ээ экенин белгилеген. Ошондой эле 425 миң сомдук түрдүү турмуш-тиричилик буюмдарына, 2 миллион 50 миң сомго бааланган жылкы, бодо мал жана майда жандыктарга ээлик кыларын декларациясына киргизген.

Досалиевдин жакын туугандары болсо 2017-жылы 115 миң 153 сомдук киреше тапкан. Ошондой эле аларда Мазда Трибьют үлгүсүндөгү унаа бар экени көрсөтүлгөн.

Досалы Эсеналиев 2017-жылы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп иштеген.

Гүлбара КалиеваЖогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева 2017-жылы 1 миллион 153 миң 378 сомдук киреше тапкан. Ал декларациясында чыгашасы жана башка мүлктөрү тууралуу маалымат берген эмес.

Калиеванын жакын туугандары болсо 2017-жылы 704 миң сомдук киреше тапкан. Башка мүлктөрү тууралуу маалымат жок.

Гүлбара Калиева 2017-жылы Жогорку Соттун судьясы болуп иштеп келген.

Дамир СагынбаевКоопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 2017-жылы 3 миллион 520 миң 699 сомдук киреше тапкан. Ошол эле учурда 1 миллион 600 миң сом короткон. Ал декларациясына унаасы бар экенин көрсөткөн, бирок үлгүсү, чыккан жылы жөнүндө маалымат берген эмес. Андан сырткары ал 520 миң сомдук кыймылдуу мүлккө ээ экенин белгилеген.

Сагынбаевдин жакын туугандары былтыр 3 миллион 500 миң сомдук киреше тапкан. Ошондой эле алар 61,2 чарчы метрлик батирге, 4 миллион 150 миң сомдук түрдүү материалдык байлыкка жана 1 миллион 200 миң сомдук жандыкка ээ экенин көрсөткөн.

Сагынбаев 2017-жылы өкмөттүн аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси болуп, декабрь айынан тарта Коопсуздук кеңешинин биринчи орун басары болуп иштеген.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: