super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте жана Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

 

11-июлда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Учкун кичи районунда жана 4-11-кичи райондордо электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Бул күнү ушул эле мезгилдерде Чүй облусунун Москва районундагы Түлөк айылында, Жайыл районундагы Кара-Түп, Калдык айылдарында, Кара-Балта шаарынын Морозов, Матросов, Береговая, Тимирязев көчөлөрүндө да электр жарыгы өчүрүлөт. Электр энергиясынын убактылуу чектелүүсү электр тармактарындагы алдын алуу жана жогорку  вольттогу “Түлөк” трансформатордук көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: