super.kg logo

Бишкекте "90 жаштагы абышканы сабаган" деген шек менен чапан кийген сакалчан адамды издөө иштери жүрүүдө

 

Бишкекте "90 жаштагы абышканы ур-токмокко алган" деген шек менен чапан кийген, сакалчан адам изделүүдө. Учурда аны издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда SUPER.KG порталына милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 90 жаштагы шаар тургунун ур-токмокко алган жаран азиат түспөлүндөгү болжол менен 35-40 жашта, бою 175-180 сантиметр, орто дене түзүлүштөгү адам.

Эске салсак, окуя кечээ, 7-ноябрь күнү Жибек Жолу жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан базардын жанында орун алган. Анда белгисиз адам көчөдө кетип бараткан улгайган кишини сабап, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Натыйжада 90 жаштагы абышка жаракат алып, ооруканага жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
08.11.2018. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оббоо эми бутту башталды. Ким экенин тактап илектебей эле бул жакта ана молдолор деп динге асылмайлар башталат.
08.11.2018. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Сакалы бар адам сакалы жок адамга тийишип кол көтөрсө эч нерсе болбойт
09.11.2018. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кармалыптырго суротун чыгаргыла.Эл корсун кайсы баатыр экенин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: