super.kg logo

Бишкекте көпүрөдөн секирген 19 жаштагы келинди милиция кызматкерлери куткарып калышты

 

Бишкекте көпүрөдөн секирген 19 жаштагы келинди милиция кызматкерлери куткарып калышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, келинди "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кызматкерлери көрүп калышкан.

"6-ноябрь күнү кечки саат 21:30 чамасында "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кызматкерлери борбордогу Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөгө чыгып турган кызды көрүшкөн. Бир аздан соң ал көпүрөдөн секирүүгө аракет кылып жатканын байкашып, ал жерге кызматкерлер чуркап барышкан. Ал убакта кыз секирүүгө аракет кылганда, алар анын кийиминен кармап куткарып калышкан.

Алгачкы текшерүүдө өз жанын кыйгысы келген келин Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну экени аныкталган. Ал мындай кадамга үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам барганын айткан. Анын айтымында, ал жарым ай мурун турмушка чыккан.

Келинди окуя болгон жерден туугандары алып кетишкен", - дешти ИИМден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.11.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жарым ай мурун турмушка чыгып, али турмуштун ыссык-суугун көрөлек, керек болсо бал айында жашоодон тажап өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жатса....

Же азыркы жаштар ушунчалык чыдамы жокпу?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: