ЖКда Ош шаарына спорт-комплекс куруу долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү
Парламентте КРнын
Өкмөтү менен Иран Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз
Республикасына Ирандын Өнүктүрүүнүн гранттык жардамы
жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Бул мыйзам долбоору Ош шаарына спорттук комплекс курууга багытталган. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын башчысынын биринчи орун басары Айтмамат Кадырбаевдин айтымында, спорттук комплекс Ош шаарындагы Уркуя Салиева көчөсүнө курулуп, ага кеткен каражат 70 миллион сом болмокчу. Депутаттар бул спорттук комплекс улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө салым кошо турганын айтышты. Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

