super.kg logo

Лейлектеги айылдык кеңештин төрагасына ок чыгарган адам мергенчиликте колдонуучу бытыра менен аткан. Учурда анын абалы оор бойдон калууда

 

Баткен облусунун Лейлек районунда Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновго ок чыгарган адам кармала элек. Ал эми Баяновдун абалы учурда оор бойдон калууда. Маалыматты Жаңы-Жер айылынын тургуну SUPER.KG'ге билдирди.

"Айылдык кеңештин төрагасы Баянов учурда ооруканада, абалы болсо туруктуу оор. Аны атып кеткен окуя боюнча алдын ала эч нерсе деп айта албайм. Өчөшкөн деле эч кимиси болгон эмес, бирок көрө албастыктан келип чыгышы мүмкүн. Окуяга шектүү катары эч ким кармала элек. Бирок иликтөөнүн алкагында кошуналары суралып жатат. Шектүү жабырлануучуну артынан мергенчиликте колдонулуучу бытыра менен аткан. Ок жоон ичегисин катуу жабыркаткан экен. Бытыранын бирөө көзөп өтүп, төртөө ичинде калган. Азыр абалы оор болгондугуна байланыштуу башка ооруканага которуп жылдырууга болбойт дешти доктурлар", - деди тургун. Маалым болгондой жабырлануучу үй-бүлөлүү жана 3 баланын атасы.

Эске сала кетсек, Баткен облусунун Лейлек районунда айылдык кеңештин төрагасын 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү атып кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси менен кылмыш иши козголгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.11.2018. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сакайып кетсин. Ким атса да тез кармалсын
09.11.2018. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кубаныч байке жакшы адам!Кудайым өзү шыпаасын берип,айыгып кетсин.Аткан адам дяволь экенго!Кубаныч байкенин балдары жаш,ошолорду кантип ойлободу экен.Көрө албастык көздөрүн гана эмес жүрөгүн дагы көр кылып койгонго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: