super.kg logo

Бишкектин 70 жаштагы тургуну Орусияга кетип 3 жылдан бери дайынсыз болуп жаткан уулун издейт

 
Дайынсыз болуп жаткан Исагалый Жолдошев Орусияга кетип жатканда апасы менен түшкөн акыркы сүрөтү (2009-жыл)
2005-жылы тартылган сүрөт

Бишкектин 70 жаштагы тургуну Орусияга кетип, 3 жылдан бери дайынсыз болуп жаткан уулун издейт. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда SUPER.KG порталына дайынсыз болуп жаткан 40 жаштагы Исагалый Жолдошевдин тууганы Алмаз билдирди.

"Агам Исагалый 2009-жылдан бери Орусияда иштеп келген. Телефон чалып, ар дайым ата-энебизди, тууган-урукту сурап турчу. Акыркы жолу 2015-жылы жайында байланышка чыккан бойдон дайынсыз болууда. Ошондо ал Санкт-Петербург шаарында иштеп жатканын билдирген. Ал баары жакшы экенин айтып, кабатырланбагыла деген болчу.

Ошол убакыттан бери ал байланышка чыга элек. Ар кандай ойлор келет, аны ата-энебиз, бир туугандары чыдамсыздык менен күтүп жатат. Эгер аны көргөн-билгендер болсо кабарлап койсо аябай ыраазы болмокпуз. Атам менен апам аны аябай көп ойлойт, үмүтүн үзбөй күтүп келет, акыркы жылдан бери нерв оорусуна чалдыгып да калды. Атабыз учурда катуу ооруп, оор абалда жатат. Менимче, ал көп ойлоно берип, кусалыктан ооруп калды. Агам табылып калат, байланышка чыгып калар деп күн сайын күтөбүз", - дейт Алмаз Жолдошев.

Исагалый Жолдошевди көргөн, билгендер болсо 0558 71-08-71 номерине кабарлап коюусун Алмаз аттуу тууганы суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.11.2018. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош областынын Алай району, Колдук айылан болобуз, агабыз Исагалыйды издоодобуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: