super.kg logo
  Саясат  

Эдвард Сноуден: “Мени Кытайдын атайын кызматы менен иштешип жатат деген маалымат жалган”

 

Америкалык атайын кызматтын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден ММКларда жарыяланып жаткан “Сноуден АКШнын жашыруун маалыматтарын бир катар өлкөлөр менен катар Кытайга да берген” деген маалыматты четке какты. Буга чейин "New York Times" гезити Сноуден өзү менен кошо Гонконгго алып барган 4 ноутбуктан керектүү маалыматтарды Кытай бийлиги көчүрүп алганын жарыялаган болчу. “Мен эч бир өлкөгө жашыруун маалыматтарды берген эмесмин. Менин компьютерим менен байланышууга бир да өлкөнүн мүмкүнчүлүгү жок”,- деп билдирди Сноуден британиялык басылмалардын бирине. 

Айта кетсек, буга чейин "WikiLeaks" сайты Сноуден баш паанек сураган 21 өлкөнүн тизмеси жарыяланган. Алар Австрия, Боливия, Бразилия, Венесуэла, Германия, Индия, Ирландия, Испания, Италия, Кытай, Куба, Нидерланды, Никарагуа, Норвегия, Польша, Орусия, Финляндия, Франция, Швейцария, Исландия жана Эквадор болчу. Бирок ага баш паанек берүүдөн Франция, Италия, Нидерланды, Польша, Австрия, Финляндия, Ирландия жана Испания баш тартты. Учурда Орусиянын аймагында баш калкалап жаткан Сноуден өзү Орусиядан баш паанек албай турганын айтты. Буга Орусия президенти Владимир Путиндин андан "америкалык өнөктөштөргө зыян келтирүүнү токтот" деген талабы себеп болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: