super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Орусияда "Апамдын ириңдеген бутун эмес, соо бутун кесип салышты" деген адамдын арызы боюнча дарыгерлер түшүндүрмө беришти

 

"Орусиянын Воронеж облусундагы оорукананын дарыгерлеринин айтымында, улгайган бейтап эки буту тең жабыркап кайрылган, мындан улам дарыгерлер анын бутун дарылоону этап-этабы менен жүргүзүүнү туура көрүшкөн", - деп жазылат орусиялык басылмаларда.

Буга чейин аталган облустун жашоочусу "Дарыгерлер апамдын ириңдеген бутун эмес, соо бутун кесип салышты" деген арыз менен полицияга кайрылгандыгы маалымдалган эле.

"Бейтап 89 жашта, анын бул курагын эске алып операцияны этап-этабы менен жүргүзүүнү чечкенбиз. Биринчи бир бутун, кийин экинчи бутун кесүү туура болчу" дешкен дарыгерлер. Ал эми аймактык саламаттыкты сактоо департаменти эки буту тең жабыркаганын, сол буту кан айлануунун өтө начарлыгынан бейтаптын өмүрүнө көбүрөөк коркунуч жаратканын билдирген.

"Мындан улам дарыгерлер консилиумда анын сол бутун кесүүнү чечишкен. Операция жүргүзгөн №3-шаардык оорукананын хирургдарынын ишине соттук-медициналык экспертиза баа берет. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат", - деген департамент башчысы.

Ал эми бейтаптын уулу Андрей Дронов мындай маалыматтарды четке кагып, "Тез жардам" кызматын чакырганда анын оң буту ириңдеп кеткенин аныкташканын айткан.

"Андан кийин биз шаардагы №2-ооруканага барганбыз. Ал жактан апамды кабыл алышпаганы менен, оң бутун кесүү керектигин айтып, аныктама жазып беришкен. Учурда апамдын абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.11.2018. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Абдылда айтмакчы- бут ден соолукка кирбейт
09.11.2018. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балдары не кылып журуптур ошончолук ириндеп кеткенче? Эми арызданып чыга калгандарын
09.11.2018. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
сахар менен жаюыркайт окшойт да. Менин таякемдин алгач оң бутунун баш бармагын, көп өтпөй берки манжаларын кесишкен. бир жыл өтпөй сол бутунун баш бармагын кесишти эле эки буту тең шишип, ириң жогору карай бат эле тээп кетти. Аргасыз сол бутун тизесинен кестирди((( оорубайлы десек алдын ала туура тамактанганды үйрөнүшүбүз керек экен((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: