Бишкекте өлкөдөгү диний окуу жайлардын жетекчилери окуудан өтүшөт
Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгы 10-11-ноябрь күндөрү Бишкекте өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын директорлоруна "Диний билим берүүнүн коомдогу орду" аталышында окуу семинарын өткөрөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, семинардын ачылышы борбор калаадагы "Биринчи кадам" медресесинде болот. Ага муфтий Максат Токтомушев, "Дүйнөлүк Куран жана Сүннөт" уюмунун өкүлү, доктор Ахмад Сайфуддин Туркестаний катышат.
"Семинардын алкагында окутуунун жаңы усулдары, программаларды жакшыртуу жана тереңдетип үйрөтүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен студенттердин кызыгуусун арттыруу, заманбап технологияларды колдонуу маселелери каралат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
2

фанатизмге алып барат. Андан коро адамдар билим - илимий технология аркылуу гана дуйнонуу терен тануу зарыл. Адамдын дуйно таанымы искуство, чыгармачылык, билим аркылуу келерин далилденген.