super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 10-НОЯБРЬ: "Жүрөгүмдөгү күз" дорамасы аркылуу атактуулукка жеткен корей актёру Вон Бин 41 жашка толду

 

Түштүк Кореянын сериалдарын сүйүүчүлөр Бин деген аттуу үч “красавчик” актёр бар. Алар: Вон Бин, Хён Бин жана Ким У Бин дешет. Мына ошол үчөөнүн ичинен эң улуусу болгон Вон Бин 1977-жылы 10-ноябрда төрөлгөн.

Ал 2000-жылы чыккан “Жүрөгүмдөгү күз” деген сериалдан кийин жумурай журтка таанылган.
Актёр бала чагында автомеханик болууну кыялданып, атүгүл окуучулук курагында технология жана техника багытындагы мектепти аяктаган. 1995-жылы жаңы актёрлорду издеп жаткан жарыялардын бирин окуп калып, кастингден ийгиликтүү өтүп кеткен. Түрдүү сериалдарга тартылып, анда аткарган ролдору жакшы кабыл алынып, актёрлук чеберчиликти үйрөнүү үчүн Искусство институтуна да тапшырган.

Бирок аны корей жылдыздарынын “А” классына кошкон дорама – “Жүрөгүмдөгү күз” болгон. Сериалдын өзү Түштүк Кореяны гана эмес, Азиядагы өлкөлөрдүн баарын каптап, ошол кезде болуп көрбөгөндөй популярдуулукка чөмүлгөн.

Кийин 2004-жылы корей согушу тууралуу чагылдырылган “38-параллель” деген аскердик блокбастерге тартылып, сынчылардын мактоосуна жана көрүүчүлөрдүн дагы бир жолку сүйүүсүнө арзыган.

Ал эми акыркы тартылган тасмасы - бул “Кайдан келгени белгисиз адам”. Адамдын органдарын сатуучулар менен болгон күрөштү баяндаган бул фильм да 2010-жылы хитке айланган. Сценарийди кокусунан окуп калган Вон Бин башкы каармандын ролун ойноо сунушун режиссёрго өзү киргизген. Фильмдеги бардык трюктарды актёр каскадёру жок эле өзү аткарган.

Жеке турмушуна келсек, 2015-жылы актёр актриса жана модель Ли На Ёнго үйлөнгөн. Эки атактуунун тоюна 50гө жакын гана адам чакырылып, туугандары жана жакын досторунун курчоосунда өткөн. Ошол эле жылдын декабрь айында түгөйлөр уулдуу болушкан.

Соңку 7 жылдан бери Вон Биндин күйөрмандары аны экранга кайтып келүүсүн саргара күтүшүп, бирок үмүтү азырынча актала элек. Керек болсо, актёр көп убакыттан бери өзүнө долбоор тандай албай жатканы үчүн сынга кабылган. Мисалы, 2012-жылы “Ушул кышта шамал согот” деген дорамадагы башкы ролдон баш тарткан. Кино дүйнөсүнөн алыстап кетсе да, Вон Бин кайрымдуулук иштери менен көп алектенип, модель катары жарнамалык роликтерге тартылып турат.

10-ноябрга карата жылнаама.






“Жүрөгүмдөгү күз” дорамасы аркылуу далайын “жүрөк оору” кылган корей актёру Вон Биндин туулган күнү

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
10.11.2018. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина Айдарбекова түшүнбөй койдум Жүрөгүмдөгу күз драмабы же доромабы
10.11.2018. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zzz---zzz,боло берет
10.11.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zzz---zzz, драма эмес, дорама. Дорама - бул сериал дегенди эле түшүндүрөт.
10.11.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперчилер жаны создорду тап калышканго э.депутаттар жаны гимин чыгаргандай эле."дорама"
10.11.2018. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mikra,Googleга жазсан дорамабы же драмакенин билесин
11.11.2018. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дорама бул япон телесериалдары.
11.11.2018. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altyn7776,Тема эмне Япония актёру деп же япония сериалы деп турабы?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: