super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 9-НОЯБРЬ: "Күзгү жалбырак" тасмасындагы Лейла Текиндин образы аркылуу популярдуулукка жеткен түрк актрисасы Гөкче Бахадыр 37 жашка толду

 

Бүгүн "Күзгү жалбырак" тасмасындагы Лейла Текиндин образы аркылуу популярдуулукка жеткен түрк актрисасы Гөкче Бахадыр 37 жашка толду.

Ал 1981-жылы 9-ноябрда Түркиянын Анкара шаарында төрөлгөн. Бала кезинде ар дайым жашоосу кино жана телевидение менен байланышта болуусун кыялданчу. Гөкче Стамбулдагы академияны аяктап, кино дүйнөсүнө алгачкы кадамын таштаган. Ал радиодо иштеп, аны менен катар актёрлук чеберчилик боюнча кошумча курстарга барып жакшы окуганга жетишкен.

Гөкче Бахадыр окууну аяктагандан кийин ар кандай оюн-зоок программаларда өзүн сынап көрүүнү чечкен. Анын натыйжасында кастингге катышуу үчүн чакыруу түшө баштаган. Ал дебюттук ролу катары 17 жыл мурун чыккан "Таттуу жашоо" сериалына катышкан. Ал эми "Күзгү жалбырак" тасмасындагы Лейла Текиндин ролу аркылуу популярдуулукка жеткен. Актриса бул ролу өзүнүн мүнөзүнө дал келерин, ошондуктан анын ойногону өзгөчө табигый болгонун айткан. Мындан сырткары "Чоң атамдын эли" драмасында да роль жараткан.

Актриса өзүн сезимтал, романтикага жакын көрсөткөндүктөн, анын ушундай сапаттары үчүн көптөгөн күйөрмандары жактырышып, кумир тутушат.

Ал ар бир ишке кылдат мамиле жасап, ар бир жараткан образына даярдык көрүп, кесиптештери менен өз тажрыйбаларын бөлүшүп турарын бир нече интервьюларында баса белгилеген.

Актриса тасмада жараткан образдары үчүн "Экинчи пландагы мыкты актриса" сыйлыгын алган. Актриса бул сыйлык менен эле токтоп калган эмес, башка сыйлык алууга да аракет кылган.

Гөкче Бахадыр чыгармачылыгында ийгилик жарата алганы менен жеке жашоосунда бактылуу боло алган эмес. 2011-жылы түрк актёруна турмушка чыгып, жыл айланбай ажырашып кетишкен. Бирок актрисаны тегеректеген мырзалар көп. Ошондой болсо да алардын арасынан өзүнө тактыктуу деп эсептеген мырзаны таба электигин айтып келет.

9-ноябрга карата жылнаама.






Белгилүү түрк актрисасы Гөкче Бахадыр 37 жашка толду

Автор: Бактыгүл Момбекова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: