Тажикстанда зордуктоого карата жазаны күчөтүү пландалууда
Тажикстандын бийлик өкүлдөрү зордуктоого жана сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасагандар үчүн болгон жазаны күчөтүү тууралуу маселени карашууда. Бул тууралуу мыйзам долбоору жакында эле парламентке жөнөтүлгөнүн жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, оңдоолор жана толуктоолор өлкөнүн Кылмыш кодексинин 138 (зордуктоо) жана 139 (сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасоо) беренелерине кирет. Өкмөт аталган беренелер боюнча соттолуп жаткан адамдар үчүн, анын ичинен атайын жыныстык катнаш аркылуу СПИД оорусун жуктуруп жаткандар үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштоодо.
Азыркы тапта зордуктоо беренеси менен кармалган адам 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошондой эле жашы жете элек же тууганын зордуктаган адам өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Айта кетсек, 2017-жылы Тажикстанда сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган аялдардын саны 53кө жеткен.

