Вице-премьер "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин күчтөндүрүүнү тапшырды
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү жайындагы транспорттук көзөмөл жана товарларды эсепке алуу боюнча убактылуу пункттун ишин күчтөндүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу кечээ, 8-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен соода жүргүзүү алкагында транспорттук көзөмөлдү жана товарларды эсепке алууну камсыздоо боюнча чараларды күчтөндүрүү максатында өкмөттүн токтому менен убактылуу пункттарды орнотуу тууралуу чечим кабыл алынган.
Вице-премьер-министрге Мамлекеттик салык кызматынын, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлеринен куралган топ тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Жеңиш Разаков товарларды эсепке алуунун айкындуулугун жогорулатуунун маанилүү экендигин баса белгиледи. Буга байланыштуу мамлекеттик чек араны кесип өткөн жүктөрдү фиксациялоо боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

