super.kg logo

Казакстанда Жусуп Абдрахмановдун эстелигин коюу маселеси көтөрүлдү

 

Казакстанда Кыргыз ССРинин биринчи өкмөт башчысы Жусуп Абдрахмановдун эстелигин коюу маселеси көтөрүлдү. Мындай сунушту Ак-Төбө облусунун акими Бердибек Сапарбаевге казакстандык активист Турарбек Кусаинов жибергенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, активист өз сунушун 1930-жылы Жусуп Абдрахманов башында турган кыргыз эли казак элине жардам бергени менен түшүндүргөн.

"Ишенимдүү булактарда жазылган маалыматтарга ылайык, Иосиф Сталиндин баш кесерлери 1936-1938-жылдары өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүшкөн. Бул убакыт аралыгында 110 миңге жакын адам репрессияланган. Ал эми 25 миңге жакын мекендешибиз атып өлтүрүлгөн. Бул учурда Казакстанды Левон Мирзоян башкарып турган.

Мирзояндын эстелигин алып, анын ордуна 1930-жылдары биздин элди ачкачылыкта колдоп, жардам колун сунган кыргыз элинин уулу Жусуп Абдрахмановдун эстелигин коюуну сунуштайм. Ошондой эле Абдрахманов анын атынан Казакстандын кайсы аймагынан болбосун бир көчөгө атын ыйгарууга татыктуу деп эсептейм", - деп жазган Кусаинов өзүнүн кайрылуусунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
11.11.2018. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец таарыхты сыйлаган таазим алат деп койот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: