super.kg logo
  Спорт  

Дзюдо боюнча эл аралык мелдеш: Отар Бестаев чейрек финалда утулуп калып, эми көңүл жубатуучу беттештерде күч сынашат

 

Отар БестаевБүгүн, 9-ноябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында дзюдо боюнча эл аралык мелдеш башталды. Анда мелдештин биринчи күнү татаминин үстүндө 2 салмак ченинде беттештер орун алууда. 60 килограммга чейинки салмак ченинде Отар Бестаев менен Баяман Сагынбай уулу күч сынашууда.

Отар Бестаев алгачкы беттешинде өзбекстандык Рахмон Жумаев менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Бестаев 1 упайга ээ болуп, упай ала албай калган атаандашын утуп алды. Чейрек финалдын алкагында Отар Бестаев монголиялык Амартувшин Дашдава менен күч сынашты. Дзюдочулардын тиреши 9 мүнөткө созулуп, жыйынтыгында монголиялык балбан ыкма колдонуп 1 упай алып, жеңишти илип кетти. Монгол балбаны мелдештин жарым финалына чыкса, Отар Бестаев эми көңүл жубатуучу раундда күч сынашат.

Баяман Сагынбай уулу биринчи беттешинде өзбекстандык Достон Рузиев менен кездешип, жеңилүү ызасын тартып калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: